Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад ОИИБи профилактикалык иштерин улантууда

Кыска кабар | 23 Мар 2021 | 597 | 0

Жалал-Абад ОИИБи кылмыштын алдын алуу боюнча иштерин тынымсыз жүргүзүп келүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маселен, Ноокен РИИБи тарабынан Масы айыл аймагында укук бузуулардын алдын алуу күнү өткөрүлдү. Анын алкагында жергиликтүү тургундардын паспорту текшерилип, жашаган жери такталды.

Базар-Коргон РИИБнин кызматкерлери Абдураимов айылындагы мектеп окуучулары менен жолугушуп, жолдо жүрүүнүн эрежелерин айтып беришти. Ошондой эле өспүрүмдөргө кылмыштын арты жакшылык менен аяктабай турганы эскертилип, татыктуу билим алуу зарылдыгы боюнча түшүндүрүү жүргүзүлдү.

Зордук-зомбулуктун алдын алуу багытындагы жумуштар Чаткал РИИБи тарабынан да социалдык адистер менен биргеликте жүргүзүлдү.

Милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдү кылмыштан жана ар түрдүү кырсыктардан алыс болууга чакырышып, аларга туура багыт көрсөтүштү.

Ал эми Аксы районунда Нооруз майрамына карата «Кыз-жигит» конкурсу өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө РИИБдин Ардак грамоталары тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM