Биз менен байланышыңыз

Алтын-Ордо конушунда жаңы мектеп курулат

Кыска кабар | 23 Мар 2021 | 916 | 0

Бишкек шаарындагы Алтын-Ордо жаңы конушуна мектеп курулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мектеп 480 орунга ылайыкталган.

«Долбоордук-сметалык документация толугу менен бүткөрүлдү. Курулуштун баштапкы сметалык баасы 122 миллион 565 миң 569 сомду түзөт», — деди шаар башчысы.

Долбоор толугу менен шаардык бюджеттен каржыланары айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM