Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы өтүүдө

Кыска кабар | 23 Мар 2021 | 568 | 0

Кечээ, 22-мартта Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы башталды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жумалык өлкөнүн бардык аймактарында «Өзүңө сак бол, акчага бек бол!» деген ураан менен өтүп, 28-мартка чейин уланат.

Дүйнөлүк акча жумалыгы (Global Money Week) — балдардын жана жаштардын каржылык сабатын жогорулатуу максатында дүйнөнүн 175тен ашуун өлкөсүндө жыл сайын өткөрүлүүчү ири кампания.

Кыргызстан жаштардын каржылык жактан мыкты билим алуусуна мүмкүнчүлүк берүү, аларды акчаны туура жана сарамжалдуу колдоно билүү маданиятына үйрөтүү максатында Дүйнөлүк акча жумалыгын 2015-жылдан тарта өткөрүп келет.

Бир жума ичинде Улуттук банк, мамлекеттик органдар жана башка уюмдар, анын ичинде коомдук жана эл аралык уюмдар, коммерциялык банктар жана микрофинансы уюмдары бардык санитардык талаптарды сактоо менен каржылык сабат боюнча жалпы билим берүү иш-чараларын: мектептерде каржылык сабат сабактарын, университеттерде көчмө дарстар менен тренингдерди, коммерциялык банктарда саякаттар менен ачык эшик күндөрүн, улуттук видеороликтер жана балдардын тарткан сүрөттөрү боюнча сынактарды, өзгөчө капчык сынагын өткөрүшөт.

Ошондой эле социалдык тармактарда #GMWKyrgyzstan2021 хэштеги менен ар кандай иш-чаралар уюштурулат.

Copyright © 2017 Maral FM