Кыргызстандын Чек ара боюнча өкмөттүк комиссиясынын башчысы, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев кечээ, 22-мартта Ташкентке учуп кетти.
Анда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери талкууланат.
Өкмөттөр аралык делегациялардын жолугушуулары 24-25-март күндөрү болуп өтөт. Өзбекстандын өкүлчүлүгүн өкмөт башчы Абдулла Арипов жетектей турганы маалым болду.
Белгилей кетсек, кыргыз-өзбек чек арасындагы демаркациялоо жана делимитациялоо иштерин жакынкы үч айда жыйынтыктоо боюнча президенттер Мирзиёев жана Жапаровдун жолугушуусунда макулдашылган.