Биз менен байланышыңыз

Ташкент-Дүйшөмбү аба каттамдары көбөйөт

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Мар 2021 | 424 | 0

«Өзбекстан аба жолдору» авиакомпаниясы быйыл апрель айынан тартып, Ташкент-Дүйшөмбү ырааттуу каттамдарын көбөйтөт.  Бул тууралуу март айында Тажикстандын Жарандык авиация агенттигинин директору Икром Субхонзода билдирген болчу.

Маалым болгондой, 3-апрелден тартып Дүйшөмбү шаарына аптасына эки жолу – шаршемби жана ишемби күндөрү учак каттайт. Бул каттамдарды дагы көбөйтүү маселеси каралууда. Буга чейин ырааттуу каттам жумасына бир жолу гана уюштурулуп келген.

Эске салсак, эки өлкө ортосундагы ырааттуу каттамдар былтыр 16-мартта коронавирус пандемиясынан улам токтотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM