Биз менен байланышыңыз

Германияда коронавирустун жаңы штаммын жуктуруп алгандар көбөйүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Мар 2021 | 573 | 0

Польшада өткөн жумада 26,5 миң жаңы коронавирус инфекциясы аныкталып, 349 бейтап каза болду. Өткөн жумада жуктуруп алгандардын жалпы саны ноябрь айындагы экинчи толкундун туу чокусуна барабар болду. Бул тууралуу «Euronews» басылмасы билдирди.

Кырдаалга байланыштуу Германия Польша менен чек арада көзөмөлдү күчөтүп жатат. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Недзельский вирустун кескин көбөйүшүнүн себеби британиялык штаммдын тез жайылышынан экенин билдирди.

«Биздин болжолубуз боюнча, учурда ооруга чалдыккандардын 60-80%ы коронавирустун британ штаммын жугузган. Британиялык штамм — өтө жугуштуу жана тез жайылуучу», — деди Надзельский.

Ал эми Британияда эмдөө ылдам темп менен жүрүп жатат. Акыркы сутка ичинде эле 900 миң адам эмделди. Өкмөт график боюнча, июнь айынын үчүнчү декадасында чектөөлөрдү токтотууга даяр экенин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM