Connect with us

«Миллион дарак отургуз»: Кыргызстандын Катардагы элчилиги Нооруз майрамында бак тикти

Кыска кабар | 22 Мар 2021 | 553 | 0

Кечээ, 21-мартта Доха аэропортунун паркында Кыргызстандын Катардагы элчиси Чыңгыз Эшимбековдун жана Катар мамлекетинин Муниципалитеттер жана айлана-чөйрө министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда бак отургузуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган акция Катар мамлекетинин Париж келишими милдеттенмесинин алкагында өлкөнүн өкмөтү тарабынан кабыл алынган «Миллион дарак отургуз» демилгесинин иш-аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат. Экологиялык демилге биологиялык ар түрдүүлүктү жайылтууга, абанын сапатын жакшыртууга жана зыяндуу заттардын бөлүнүшүн азайтууга багытталган.

Белгилей кетсек, бир миллион бак отургузуу демилгесин колдоо максатында Катар мамлекетинин Муниципалитеттер жана айлана-чөйрө министрлиги https://www.mme.gov.qa/static/million-tree атайын сайтын ачты.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM