Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда Европа тасмаларынын фестивалы онлайн өтөт

Кыска кабар | 22 Мар 2021 | 515 | 0

Бүгүн, 22-мартта Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган салттуу Европа тасмаларынын фестивалы старт алат. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чара 22-28-март аралыгында онлайн тартибинде өтөт. Бул убакыттын ичинде www.euin.kg платформасында кыргызстандыктар Европа Биримдигинин өлкөлөрүнүн 11 тасмасын жана айлана-чөйрөнү коргоо темасындагы 8 кыска метраждуу тасманы акысыз жана каттоосуз көрө алышат. Бардык фильмдер Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин эне тилдеринде орусча же англисче субтитрлер менен коштолуп көрсөтүлөт.

«Тилекке каршы, COVID-19 пандемиясынын айынан 2020-жылы салтка айланган Европа тасмаларынын фестивалы өткөрүлбөй калды. Быйыл аны кайрадан жандандыруу ниетибиз бар, бирок коронавирус коркунучу сакталып тургандыктан кинотеатрга уюштуруу көйгөй жаратууда. Ошондуктан, биз бул фестивалды виртуалдык форматта өткөрүүнү туура таптык. Бир жагынан, майрамдык маанайдын жоктугу өкүнүчтүү: чоң кинозал, жаркыраган жарыктар, көрүүчүлөр ж.б. Бирок онлайн форматтын да жакшы жактары бар: тасмаларды үйүңүздөн чыкпай эле көрө аласыз. Иш-чара сөзсүз кызыктуу болот», — деди Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлү Эдуард Ауэр.

Фильмдерден тышкары эксклюзивдүү талкуулар, чеберлер-классы жана европалык киноишкерлер менен жолугушуулар болот. 22-24-мартта Бишкекте сценарий жазуунун техникасы боюнча бельгиялык адис Доменико Ла Портанын үч күндүк чеберлер-классы өтөт, 25-мартта италиялык эксперт Андреа Рокко кино комиссиялардын иши жана кино искусствону каржылоо жөнүндө айтып берет, 26-мартта Италиялык спикер Карло Д’Урси нөлдөн баштап кино тартуу боюнча онлайн семинар өткөрөт.

Кинофестивалдын бардык иш-чаралары жөнүндө кулактандыруулар Европа Биримдигинин Кыргызстандагы баракчасынын Facebook платформасына жарыяланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM