Жогорку Кеңешинин депутаты Аманкулов Марат Аскеровичтин мыйзамсыз баюу фактылары аныкталды. УКМК аны мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупциялык кылмыштарды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө тастыктаган.
Такталгандай, Аманкулов саясий ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, анын жалпы суммасы расмий кирешесинен бир нече эсе жогору болгон.
— Мындан тышкары көмүскө активдерин жашыруу үчүн аларды жакын туугандарына жана кирешеси расмий тастыкталбаган аффилирленген адамдарга каттаткан. Атап айтсак, соода жана көңүл ачуу комплекси, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан 14 жер тилкеси, 3 кеңсе жана 4 турак жай, 5 батир, «Каприз» борборундагы коттедж, 3 особняк, ошондой эле жогорку өкүлдүк класстагы 5 аткаруучу унаа. Бул активдердин жалпы орточо базар баасы 1,5 миллиарддан ашык сомду түзгөн. Жогорудагы активдерге келип чыгуунун мыйзамдуулугун берүү максатында депутат Аманкулов аларды сатып алуудан мурун, тиешелүү насыяларды финансы-кредит мекемелерине берген.
Аманкуловдун 2008-2020-жылдар аралыгында Бишкек шаардык кеңешиндеги жана Жогорку Кеңештеги саясий таасирин колдонуу менен активдерин кыйла көбөйткөнү божомолдонууда.
Учурда анын башка активдерин, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган каражаттарын легалдаштырууга катышкан адамдардын чөйрөсүн аныктоо иштери жүрүп жатканы да айтылды.
Эскерте кетсек, Марат Аманкулов учурда Жогорку Кеңештин депутаты. Ал КСДП партиясынын тизмеси менен парламентке келген. Ага чейин Бишкектин шаардык кеңешине да депутат болгон. 2020-жылдын күзүндө өтүп, жокко чыккан парламенттик шайлоого «Биримдик» партиясын жетектеп барган.