Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан 2 бейтап каза болду

Кыска кабар | 19 Мар 2021 | 645 | 0

COVID-19 боюнча Республикалык штабдын берген маалыматына ылайык, 19-мартка карата Бишкек шаарында 2 адам коронавирустан каза болду.

Ошондой эле сутка ичинде дагы 96 адамдан COVID-19 диагнозу аныкталды: Бишкек шаарында — 43; Ош шаарында — 2; Чүй облусунда — 35; Ош облусунда — 3; Нарын облусунда — 3; Ысык-Көл облусунда — 8; Жалал-Абад облусунда — 2 адамдан илдет табылды.

Ал эми акыркы күнгө карата 53 бейтап: Бишкек шаарында — 29; Чүй облусунда — 19; Нарын облусунда — 2; Ысык-Көл облусунда — 2; Жалал-Абад облусунда — 1 бейтап оорудан айыкты.

Учурда стационарларда 400 бейтап, үй шартында 324 бейтап дарыланып жатат.

Бишкек шаарынан 2 медкызматкердин коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Муну менен медицина кызматкерлеринин арасында илдетке чалдыккандардын саны 4210го жетти, анын ичинен 4195и сакайып чыгып, 15и көз жумду.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 87 миң 239 адам COVID-19 диагнозу менен катталган. Мунун ичинен 84 миң 84 бейтап ооруну жеңип, 1487 адамдын көзү өтүп кетти.

Copyright © 2017 Maral FM