Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында «Нооруз-2021» борбордук аянтта майрамдалат

Кыска кабар | 19 Мар 2021 | 731 | 0

Ош шаарында 21-март «Нооруз-2021» элдик майрамы борбордук аянтта чоң салтанат менен белгиленет. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чара саат 10:00дө эстрада жылдыздарынын, Ош шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл топторунун катышуусундагы концерттик программа менен башталып, Нооруз майрамына арналган театралдаштырылган көрүнүштөр менен коштолот.

Мындан тышкары, «Кыргыз элинин каада-салтын көрсөтүү» сынагы, боз үй тигүү жарышы, Аш фестивалы, Кыргыз улуттук спорттук оюндары боюнча мелдештер уюштурулат.

Ал эми борбор калаа Бишкек шаарында пандемияга байланыштуу деген жүйө менен Нооруз майрамына карата иш-чаралар өткөрүлбөй турган болду.

Бишкекте Нооруз майрамы белгиленбей турган болду

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM