Биз менен байланышыңыз

Кынатбек Сманалиев Юстиция министринин орун басары болуп дайындалды

Кыска кабар | 18 Мар 2021 | 472 | 0

Юстиция министринин жаңы орун басары болуп Кынатбек Сманалиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-мартта жаңы орун басарды министр Асель Чынбаева эмгек жамаатына тааныштырды.

Кынатбек Сманалиев буга чейин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетинин деканы болуп иштеген.

4-мартта министрдин дагы бир орун басарлыгына Зарема Аскарова дайындалган.

Буга чейин Юстиция министринин эки орун басары Максатбек Есеналиев жана Манас Сарымсаков берген арыздарынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM