Биз менен байланышыңыз

Чек ара боюнча Тажикстан менен сүйлөшүүлөр оор жүрүп жатканы айтылды

Кыска кабар | 17 Мар 2021 | 1204 | 0

Чек ара боюнча Тажикстан менен сүйлөшүүлөр оор жүрүүдө. Мындай билдирүүнү УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин экс-жардамчысы Өткүрбек Рахманов Фейсбук баракчасына жазды.

Маалыматта айтылгандай, УКМК жетекчиси үч күндөн бери Тажикстанда чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат. «Бизге жеткен маалыматтар боюнча, сүйлөшүүлөр оор жүрүүдө. Бирок мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоодо кыргызстандык делегациянын башчысы, мамлекеттик чек ара комиссиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев бекем позицияда турганы белгилүү болду», — деп жазат Өткүрбек Рахманов.

Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиев буга чейин Баткен облусуна барып, Самаркандек айылынын тургундары менен жолуккан. Андан ары Тажикстанга чек ара боюнча сүйлөшүүлөр болору айтылган.

Ташиев: Тажикстанга Кытайдын товарларын өткөрбөй турабыз

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM