Биз менен байланышыңыз

Ишкерликке кызыккандар «Бизнес Старт» долбооруна катышса болот

Кыска кабар | 16 Мар 2021 | 860 | 0

JIA бизнес ассоциациясы «Туруктуу өнүгүүнүн сунуштары» коомдук фонду менен биргеликте пандемияга карабастан, 1 жылдан бери иштелип жаткан «Бизнес Старт» долбоорунун алгачкы этабын ишке ашырды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

«Бизнес Старт» — бизнес-идеяларды ишке ашыруу үчүн тажрыйбалык билимди жана жөндөмдөрдү сунуш кылган уникалдуу окутуу программасы. Бул бизнес-тренингдерди атайын окуулардан өткөн, тажрыйбалуу жана жергиликтүү адистер өткөрөт. Алар катышкан жарандарды башталыштан окутуп, тажрыйбасын иш жүзүндө көргөзүп беришет.

Долбоордун максаты: 2030-жылга чейин аймактардын өнүгүүсүнө басым жасоо менен нөлдөн башталган экосистеманы куруп, өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүгө салым кошо турган ийгиликтүү стартаптарды алдыга чыгаруу.

Долбоор пандемияга карабай, жигердүү уланып, алгачкы этабынын жыйынтыгы менен аймактардан 3 жеңүүчү аныкталып, учурда аларга бизнесин баштоо үчүн 2 миң евро чамасында атайын жабдуулар алынып жатат, тагыраагы, 3 бизнес-ишкана ачылуу алдында турат.

Азыркы учурда долбоордун экинчи этабы башталып, каалоочуларга сынак жарыяланды. Каттоодон 15-апрелге чейин өтүшү керек. Толук маалыматты https://t.me/jia_kg/471 ЖИА телеграм-каналынан алууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM