Connect with us

Төө-Ашуу жана Ала-Белде оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилет

Кыска кабар | 16 Мар 2021 | 674 | 0

«Бишкек-Ош» унаа жолунун Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттигинин маалыматына  ылайык, 16-марттан 18-мартка чейин «Бишкек-Ош» унаа жолунун тоолуу аймактарында Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында кар жаашы күтүлөт. Жол кырсыктарын алдын алуу, адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык зыян келтирилген жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлөт. Ага байланыштуу 17-март күнү эртең мененки саат 06.00дөн, кечки саат 22.00гө чейин «Бишкек — Ош» унаа жолунун аталган бөлүгүндө оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилет.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды түшүнүү менен кабыл алып, профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү учурунда жогорудагы багыт боюнча пландаштырылган кыймылын кийинкиге калтырууну суранат.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM