Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жамангулов кызматтан кеткени боюнча билдирүү жасады

Кыска кабар | 16 Мар 2021 | 738 | 0

Бүгүн, 16-мартта «Мегаком» компаниясынын жетекчиси Акылбек Жамангулов өз арызынын негизинде кызматынан бошотулду. Анын ордуна компаниянын мурдагы жетекчиси Азат Базаркулов дайындалды.

Жамангулов бул кызматты 3 жыл аркалаган. Ал кызматтан кеткен себебин Facebook баракчасына жарыялады.

«Кымбаттуу достор!

Башка кызматка которулгандыгыма байланыштуу «Мегаком» компаниясындагы ишим соңуна чыкты. Ошол себептен биздин бирдиктүү, жаш жана чыгармачыл жамаатка, бардык өнөктөштөргө, биздин компаниянын кызматтарын пайдаланган кардарларга ыраазычылык билдирем. Ал эми биздин ишке колдоо көрсөткөн мамлекеттик түзүмдөргө өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет.

Биз көптөгөн кызыктуу долбоорлорду ишке ашырдык, сунуштар менен сын-пикирлерге дайыма көңүл бурдук, ишти жакшыртуу үчүн болгон заманбап ыкмаларды пайдаланууга аракет кылдык. Кээде пайда болгон кыйынчылыктар менен чыңалган кырдаалдарга карабастан, бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, түрдүү тоскоолдуктарды жеңип өттүк жана жакшы жыйынтыктарды көрсөттүк.

Мен сиздер менен биротоло коштошпойм, анткени мындан ары да жигердүү иштеп жана Кыргызстандын бакубат жашоосу үчүн өз салымымды кошо берем.

Сиздерге иштеги зор ийгиликтерди, жеңиштерди жана мыкты пландарды каалайм!»

Белгилей кетсек, Азат Базаркулов 2012-жылы «Мегаком» компаниясына жетекчи болуп дайындалып, 6 жыл иштеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM