Биз менен байланышыңыз

Элчи: Кыргызстан-Орусия маданий алакасын бекемдөө зарыл

Кыска кабар | 16 Мар 2021 | 640 | 0

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Социалдык-маданий демилгелер фондунун башкы директору Дмитрий Соловьев менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап аталган фонддун «Үй-бүлө, сүйүү жана ишеним күнү» майрамынын, «Ак роза» долбоорунун, «Нурлуу периште» эл аралык кайрымдуулук кинофестивалынын, «Орус балети» жаш аткаруучулардын бүткүл орусиялык конкурсунун программалары менен таанышты.

Дмитрий Соловьев Социалдык-маданий демилгелер фонду, руханий-адеп-ахлактык кайра жаралууга, Орусия коомунун улуттук салттуулугун сактоого жана өнүктүрүүгө, ошондой эле Орусияда гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган социалдык жана маданий чөйрөдөгү жигердүү ишмердүүлүктү жүргүзүп жатканын маалымдады.

Гүлнара-Клара Самат байланыштарды активдештирүүнүн, ошондой эле өлкөлөр ортосунда аймактык жана маданий байланыштарды бекемдөөнүн жана кеңейтүүнүн маанилүүлүгү тууралуу пикирин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM