Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандын басылмасы Жапаровдун визитинин жыйынтыктары тууралуу жазды

Блог , Саясат | 15 Мар 2021 | 8784 | 0

Президент Садыр Жапаровдун өткөн жумадагы Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарынын жыйынтыктары кыргыз жана өзбек интернет айдыңында дагы деле талкууланууда. Айрыкча Жапаровдун маалымат катчысы Галина Байтеректин сапар жыйынтыктары тууралуу комментарийи да коомчулуктун талкуусуна алынды.

Өзбек басылмаларынын бири «Кун.уз» сайты Жапаровдун Өзбекстан сапарынын жыйынтыгы тууралуу макалага «Жапаровдун Өзбекстанга алгачкы сапарынын жыйынтыктары. Көптөгөн келишимдер жана чек ара маселеси үчүн 3 айлык мөөнөт» деген тема койду.

Макаланын башталышында эле кыргыз делегациясын тосуп алуу тууралуу кеп баштаган: «Садыр Жапаров Өзбекстанга келерден мурун Орусия жана Казакстанга барган. Аны Өзбекстанда ушунчалык жогорку даражада тосуп алышкандыктан, адамдар аны мурунку визиттери менен салыштырууга жетишти. Кыргыз президентин аба майдандан тосуп алуу үчүн өкмөт башчы Абдулла Арипов өзү барды. Ал эми Казакстанда Жапаровду Тышкы иштер министри тосуп алган. Орусияга сапарында жадагалса аны ким тосуп алганы да айтылган эмес, ар түрдүү ушак кептер да жүргөн болчу».

Мындан сырткары Жапаровду тосуп алуу үчүн даярдалган кортеждин көптүгүн айтып, аны Орусияда болгону 4 унаадан турган кортеж тосуп алганын салыштырып өткөн.

Ошондой эле мындай меймандостукка коңшу өлкөнүн президенти татыктуу экенин, эки өлкөнүн мамилесинин өнүгүүсүнө Өзбекстандагы этникалык кыргыздар да, Кыргызстандагы этникалык өзбектер да кызыкдар экенин, алар да үмүт менен карап турганын баса белгилеген.

Андан ары эки президенттин жолугушуусундагы келишимдер тууралуу жазып, 22 келишим түзүлгөнүн, бирок бир да документке расмий кол коюу болбогонун айтат. Ал эми түзүлгөн келишимдерди ишке ашыруу үчүн тиешелүү органдар иштейт деп кошумчалаган.

Көптөн күтүлгөндөй эле чек ара маселеси да талкууланганы, анын ичинде президент Шавкат Мирзиёевдин сөзүнө өзүнчө токтолуп: «Чек ара боюнча мамилебизде тарыхта биринчи жолу бир топ маселелерди ачык сүйлөшүп, анык келишимге келдик. «Ким, качан, эмнени жасайт?» — дегенди бүт тактадык. Жадагалса мөөнөтүнөн бери такташып, үч айдын ичинде бул маселелерди бүтүрмөй болдук», — деген сөзүн мисал кылган.

Тактап айтканда, кыргыз-өзбек чек арасын тактоодо бир гана чечим бар экени: ал эки тарап тең жер алмашууга барышы керектиги айтылат.

Дагы бир көңүл бурдурган жагдай, Кыргызстандын чек ара кызматы УКМКнын карамагында болгондуктан, атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин делегациянын курамында жок экенин жазат өзбекстандык басылма.

Макаланын аягында Садыр Жапаровдун Ташкент сапарынын жыйынтыгы тууралуу: «Өзбекстан коңшу өлкөнүн башына өтө кыйын учурда келген президентине эң жогорку даражада урмат-сыйын көрсөттү. Мунун менен кайсы бир мааниде коңшу өлкөгө кезектеги достук колун узатты. Демек, мамилелер да мына ушуга татыктуу деңгээлде улануусуна үмүт кылабыз», — деп жазылат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда ачыла турган ишканалардын тизмеси

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM