Биз менен байланышыңыз

Туруксуз аба ырайы 22-мартка чейин созулат

Кыска кабар | 15 Мар 2021 | 405 | 0

16-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун райондорунда, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан жаабайт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Талас,Ош, Баткен облустарында жаан жаабайт.

17-мартта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт.

18-мартта түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан жаабайт.

18-мартта күндүз, 19-мартта жана 20-мартта түнкүсүн жаан жаабайт.

20-мартта күндүз Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаабайт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-мартта Ысык-Көл, Нарын облустарынын аймактарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM