Биз менен байланышыңыз

Германияда коронавируска чалдыккандар кескин көбөйүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Мар 2021 | 486 | 0

Германияда күн сайын 10 миңден ашуун адам коронвируска чалдыгууда. Бул тууралуу Роберт Кох институту кабарлады.

Маалым болгондой, Германияда 14-сентябрга карата 10 миң 568 адамдын коронавируска чалдыкканы аныкталып, 239 бейтап каза болгон. Учурда өлкөнүн ооруканалардында жана үйлөрүндө 143 миң 343 адам дарыланып жатат.

Аталган өлкөдө пандемия башталгандан бери 2 млн 569 миң 850 адам коронавируска чалдыккан. Муну менен илдетти жеңип чыккандардын саны 2 млн 352 миң 600 адамды түзүп, 73 миң 907 адам оорудан көз жумган.

Дүйнөлүк статистикада Германия дартты жугузгандар боюнча 10-орунда, ал эми каза табуулардын саны боюнча 8-орунда турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM