Биз менен байланышыңыз

«Google» июндан тарта YouTube блогерлерден салык ала баштайт

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Мар 2021 | 520 | 0

Америка Кошмо Штаттарынын тышында, башка өлкөдө жашаган YouTube видеоблогерлерине «Google» компаниясы салык киргизүүнү пландап жатат.

Аталган компаниянын айтымында, 2021-жылдын июнь айынан тарта жарнамалардан акча тапкан, башка өлкөдө жашаган авторлорго АКШнын системасына ылайык салык киргизиле тургандыгы каралууда.

Америкадан башка өлкөлөрдө жашаган, жарнамадан киреше тапкан блогерлер 2021-жылдын 31-майына чейин «AdSense» программалык камсыздандыруу кызматына жеке салык маалыматтарын жибериши керек, анын жардамы менен авторго салык салынабы, анын суммасы кандай болот, жалпы өзүнө керектүү маалыматтарды аныктап алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

«Эгерде блогерлер айтылган мөөнөткө чейин билдирбесе, анда Америкада жашап салык төлөгөн кадимки жарандын суммасында, тактап айтканда, жалпы кирешенин 24%ын төлөп калат», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми блогер салык маалыматын өз убагында жиберген болсо, анда «Google» АКШ жарандарынан гана турган көрүүчүлөрдөн эсептеп, жалпы түшкөн каражаттын 10дон 30%га чейинки суммасын эле ала турганын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM