Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапары менен барат

Кыска кабар | 11 Мар 2021 | 839 | 0

Бүгүн, 11-мартта президент Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барат. Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Алар эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Садыр Жапаров Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов жана премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушууларды өткөрөт.

Мындан тышкары иш сапардын алкагында кыргыз-өзбек бизнес форумун да өткөрүү пландалган.

Президент Садыр Жапаров кызматка киришкенден кийин алгачкы чет элдик иш сапарын Москвага жасады. Андан кийин Казакстанга мамлекеттик сапары менен барды. Алдыда Түркияга барары күтүлүүдө.

Кыргызстанга «Space Xтен» кызматташуу сунушу түштү 

Copyright © 2017 Maral FM