Биз менен байланышыңыз

Шайлоо фонддорунун каржы булагы ачык-айкын болушу керек

Кыска кабар | 10 Мар 2021 | 570 | 0

Кыргызстанда кандай гана шайлоо болбосун, талапкерлердин фондунун киреше-чыгашасына болгон көзөмөл жетишсиз. Мындай көрүнүш Кыргызстан калкынын ишенимин арттырбайт. Дал ушул маселени бүгүн, 10-мартта «Жалпы иш» коомдук фонду Борбордук шайлоо комиссиясы менен бирге өткөргөн тегерек үстөлдүн жүрүшүндө талкуулады. Отурумга мамлекеттик кызматкерлер да катышты.

Кыргызстандыктар талапкерлер шайлоо фондун кандайча сарптаары жөнүндө көбүрөөк маалымат алгысы келет. Каржылык айкындык жана маалыматтын ачыктыгы шайлоо ишениминин маанилүү компоненти болуп саналат.

«Жалпы иш» коомдук фонду уюштурган тегерек үстөлдө 10-январда болуп өткөн президенттик шайлоого көз карандысыз мониторингдин натыйжалары боюнча кызыктуу маалыматтарды, ошондой эле шайлоону каржылоонун бузулушун алдын алуу жана шайлоо фонддору жөнүндө маалыматтын ачык-айкын жүрүшүн камсыз кылуу боюнча сунуштарды айтты.

Аталган фонддун эскперти Бакытбек Самаковдун айтымында, шайлоо фонддоруна салымын кошкон адамдын каржы булагын ачуу мыйзамда көрсөтүлгөн эмес. Бирок «Жалпы иш» коомдук фонду шайлоо фонддоруна акча салып жаткан адамдардын каражаты кайсы жактан келгени боюнча ачык маалымат берүүнү сунуштайт.

«Эгерде биз келип чыгуу булактарын көрбөсөк, анда бул акчаны ишенимдүү деп айта албайбыз. Борбордук шайлоо комиссиясында талапкерлерден акча каражатынын келип түшкөндүгү жана кимден келгендиги жөнүндө гана маалымат бар. Бул жетиштүү эмес. Ошондуктан биз бул каражаттардын булактарын ачыкка чыгаруу керектигин сунуштайбыз. Кыргызстан шайлоо учурунда саясий партиялар менен талапкерлерге түшкөн жана жумшалган акчаларга көзөмөл жүргүзүү боюнча биринчи жана маанилүү кадамын баштады. Жаңы системанын кандай иштей турганы, шайлоо фонддору канчалык ачык экендиги, өнүктүрүүдө кандай пландарды ишке ашыруу керектиги туурасында биздин эксперттер бүгүн иш-чаранын катышуучуларына сунуштады».

«Жалпы иш» коомдук фонду 2020-жылдын 17-декабрынан 2021-жылдын 15-январына чейинки мезгилде талапкерлердин Фейсбуктагы жарыяланган материалдарына байкоо жүргүзгөн. 10-январда өткөн президенттик шайлоого ат салышкан 13 талапкер Facebook социалдык тармагына 300дөн ашуун жарнамалык ролик жайгаштырган. Бул тууралуу «Жалпы иш» коомдук фондунун СММ-аналитиги Малика Алимбаева билдирди. Маалым болгондой, 4 талапкер: Клара Сооронкулова, Арстанбек Абдылдаев, Имамидин Ташов жана Садыр Жапаров акы төлөнүүчү жарнамадан баш тарткан. Ал эми эң көп, 74 жарнамалык билдирүүнү талапкер Элдар Абакиров жарыялаган.

«Бул социалдык медиага байкоо жүргүзүү жана талдоо боюнча биздин алгачкы пилоттук долбоорубуз болгондуктан, бир гана Facebook социалдык тармагын алдык. Анткени, Facebook Кыргызстандагы эң популярдуу социалдык тармак болуп эсептелинет. Талапкерлердин чыгымдары аймактык контентте да айырмаланат. Мисалы, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында таргетинг жарнаманы колдонгон бир да пост, бир да талапкер болгон жок. Ал эми анализдин жыйынтыгында, эң көп таргетинг жарнаманы колдонгон аймактар Бишкек шаары, Чүй жана Ош облустары болгон».

Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорундагы каржы маселелеринин келип түшүүлөрү, алардын сарпталышы боюнча, тагыраагы, шайлоо маселелерине тиешелүү болгон бардык каржылык багытты көзөмөлдөө үчүн БШКнын алдында атайын текшерүү тобу түзүлгөн. Бул маалыматты Борбордук шайлоо комиссиянын мүчөсү Гүлнара Баатырова берди. Ал белгилегендей, мындан ары ар бир шайлоо өнөктүгүндө БШК тарабынан календардык план иштелип чыгып, ар бир шайлоо процессине ылайык жумушчу топтор түзүлөт.

«Атайын текшерүүчү топтун курамында БШКнын мүчөлөрү, аппараттын каржы маселелери боюнча кызматкерлери, республикалык салык кызматынын жана социалдык фонддун кызматкерлери бар. Негизи, шайлоо өнөктүгүнө жумшала турган акча каражаттары максаттуу пайдаланышы керек. Биз эки банк менен иштешебиз. Конституциянын мыйзамына ылайык, биз банктарды ар бир жумада саясий партиялардын, талапкерлердин шайлоо фонддорундагы каражат жөнүндө толук маалымат берүүсүн милдеттендиребиз. Баарына белгилүү болгондой, БШКнын расмий сайтында ар жумада банктык сырды ар бир жарандын жеке коопсуздугун эске алуу менен жайгаштырып келе жатабыз». 

Ал эми Акыйкатчы институтунун аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков бардык талапкерлерге, саясий партияларга бирдей шарт түзүлүп берилиши керектигин белгиледи. Анын пикиринде, шайлоо процессинде коротулуп жаткан каражаттарга байланышкан маалыматтар көзөмөлгө алынышы керек. Себеби бул өтө кооптуу маселе, анткени социалдык тармактар аркылуу, жаңы механизмдер жана технологиялар аркылуу элдин ой жүгүртүүсүн жана аң-сезимин өзгөртүп коюу толук мүмкүн.

«Бул иш-чара абдан маанилүү жана керектүү болуп жатат. Фонд тарабынан шайлоо жараяны боюнча көптөгөн сунуштар айтылды, ал сунуштардын дээрлик көпчүлүгү ишке ашуучу жана коомчулукка, шайлоо процесстерине өзгөртүү киргизип, жакшыртууга багытталат. Ал эми шайлоо процессиндеги коротулуп жаткан каражаттар боюнча социалдык тармак аркылуу жайылтылып жаткан маалыматтар сөзсүз түрдө көзөмөлгө алынышы керек. Себеби алар кооптуу, анткени элдин ой жүгүртүүсүн өзгөртүшү толук мүмкүн. Бул тышкы күчтөр тарабынан чагымчыл иштерге алып кетиши мүмкүн. Ошондуктан бул иштер боюнча мамлекеттик органдар, коопсуздукту камсыздаган органдар активдүү түрдө алгылыктуу иштерди жасашы керек». 

«Жалпы иш» коомдук фонду шайлоо фонддорун эсепке алуу жана отчет берүү тартибин өркүндөтүүнү сунуш кылып, отчетттордун ачыктыгын жогорулатуу максатында, мүмкүн болушунча акчалай салымдарды, кайрымдуулук каражаттарын банктардын көзөмөлүнө берүүнү сунуш кылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM