Биз менен байланышыңыз

Акаев: Референдум тууралуу мыйзам долбоорун күн тартибине киргизүүдө регламент бузулду

Кыска кабар | 10 Мар 2021 | 459 | 0

Конституциянын жаңы долбоорун парламенттин бүгүнкү күн тартибине киргизүү депутаттар арасында талаш жаратты.

Жогорку Кеңеш 10-марттагы күн тартибине «Референдум өткөрүү жөнүндө» мыйзам долбоорун койду. Депутаттар Жанар Акаев, Дастан Бекешев, Рыскелди Момбеков мыйзам долбоору күн тартибине регламентти бузуу менен киргизилгенин айтышты.

Алардын айтымында, бүгүнкү күн тартиби бекитилип калгандан кийин мыйзам долбоолору каралып жатканда ага өзгөртүү кирбеши керек.

3-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында «Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум дайындоо жөнүндө» мыйзам биринчи окууда кабыл алынган. Жыйынга катышкан 96 депутаттын 87си долбоорду колдоп, 9у каршы добуш беришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM