Биз менен байланышыңыз

Экосистеманы коргоп калууга аракеттенген элеттиктер

Коом | 10 Мар 2021 | 786 | 0

Жаратылыш ушунчалык назик гармония менен жасалган. Андагы бир эле система бузулса, бардык экологиянын бузулуусуна алып келет.

Бул болсо өз кезегинде климаттын өзгөрүүсүн шарттайт.

 Тээ илгертен эле Аксы жергеси ажайып сулуулуктун үлгүсү деп сыймыктанып келебиз. Тилекке каршы, эсил кайран СССРдин кыйрашы менен жаратылышка болгон кыянаттык күч алып, айтылуу Сары-Челек коругундагы, ага канаатташ жайгашкан Афлатун, Аркыт, Жаңы-Жол токой чарбаларындагы, «Падыша-Ата» жаратылыш паркындагы миңдеген жапайы жаныбарлар атылып, кылымга тете жашаган жаңгактар кесилип, анын тамыры жыйналып, чет жактарга кызылдай акчага сатыла баштаган. 2005-2010-жылдардагы элдин экологияга каршы массалык аракеттери ошол эле аймакта жашаган жаштарды кайдыгер калтырган жок. Токой чарба кызматкерлери, коруктардын кызматкерлери бул массалык мыйзамсыздыкка каршы толук күрөшө албай калган учурда алгачкылардан болуп Малабаев Данияр баштаган жаштардын тобу Авлетим айылында, Афлатун токой чарбасында болуп жаткан экологияга каршы аракеттерди токтотуу үчүн уюшуп иштей баштаган.

Экоактивисттер токойчулар менен биргеликте бир топ иш-чараларды жасап, элди да табиятка болгон кыянат иштерге каршы турууга үндөп, экологияны сактап калуу аракеттерин көргөн элдик кошуундарды түзүшкөн. 2014-жылы Сары-Челек коругунда аюу аткан браконьерлерди колго түшүрүп, Коруктун пайдасына 100 000 сом акчалай жана миллион сомго жакын суммадагы турак үй сот аркылуу өндүрүлүп берилген. Ошол эле учурда Чүй өрөөнүндөгү Чалдовар, Сокулук аймактарындагы кыргоолго, ондатра, сусликтерге болгон аңчылыктарга каршы да бир топ иш-аракеттер болуп, жергиликтүү тиешелүү органдар менен иш алып барышкан. Экоактивисттер 2016-жылы «Эко Тартип» коомдук республикалык фондун расмий юридикалык каттоодон өткөрүп, өз чөнтөктөрүнөн каражат чогултуп, эл ичинде такай түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, ыктыярдуу жаштарды өздөрүнө тарта алышты.

2020-жылы жазда Кара-Суу, Кызыл-Туу, Кара-Жыгач, Падыша-Ата, Аркыт айылдарынан ыктыярдуу жигиттер кошулуп, Жалпы Аксы району жана Чүй боюнча бир топ иштерди аткарышты. Анын ичинде коомчулукта резонанс жараткан окуялар да болду. Маселен, Авлетим айылында мыйзамсыз атылган текелер, Беке-Чал жайлоосундагы атылган кийиктер боюнча, Чүй боорундагы канаттууларды кармап сатып жүргөн Тажикстандан келген браконьерлер; Чүйдөн кармалып, Аксыга сатылган алгыр куш окуялары. Бул окуялар боюнча учурда тиешелүү мамлекеттик органдар мыйзам чегинде иш алып барууда. Учурда Аксы жергесинде браконьерчиликке каршы күрөштүн натыйжасында мындан 10-15 жыл мурда аёосуз кырылып жаткан жапайы жаныбарлар кайрадан көбөйө баштады. Элге жана туристтерге элик, кийик, бугу, каман, суур, кашкулак, кекилик, кыргоол, улар сыяктуу жаныбарларды көрүп, сүрөткө да тартып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Карагай, жаңгак сыяктуу баалуу токойлорду кыйуу токтотулду. Быйылкы жылы «Эко Тартип» жамаатынын жигиттеринин демилгесин түшүнүү менен кабыл алган эл Аркыт токой чарбасында 50 башка жакын токой кемирүүгө үйрөнгөн жылкыларын өздөрү сатып жок кылышты. Мектеп окуучуларына чейин бул демилгени колго алып, эл жалпы аракетке өткөнү даана байкалды. Айыл өкмөттөрдүн, токой чарба жетекчилеринин активдүүлүгү, жоопкерчилиги күчөдү. Ал эми Чүй боорунда канаттууларды кармап сатуу, ондатраларга, сусликтерге мыйзамсыз аңчылык кылуу азайганы менен элди жалпы мобилизациялоого мүмкүнчүлүктөр аз болууда. Ошентсе да жергиликтүү активдүү жаштар менен иш алып баруу күчөтүлдү. Бул региондо да кайдыгер эмес жарандар көбөйүп, иштер башталды.

(Браконьерлерди кармоо учуру)

«Экотартипчилердин» иш-аракети өлкөбүздүн башка региондоруна да жайыла баштаган. 2020-жылы Баткен областынын, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Чаткал райондорунун ыктыярдуу патриот жарандары «Эко Тартип» жамааты менен таанышып, бирге иштей башташты. Өзгөчө окуя катары Баткендик Өмүрбек аттуу жигит өзүнүн менчик машинасын «Эко Тартип» жамаатына белекке тартуулап, жалпы кыргыз элин таң калтырганы болду. Бул жигит тууралуу өзүнчө макала эле эмес, повесть жазса болчудай. Аны менен эле токтоп калбай дагы кошумча каражат топтоп, браконьерлерге каршы күрөшүү үчүн беш фото капкан (фотоловушка) сатып бергенин азыр айтпай кетсек болбойт. Өзү да бул уюмга мүчө болуп, «Дордой» базарынан эле эч ким жасай албаган иштерди ишке ашырууда. Эки жыл аралыгында өз чөнтөктөрүнөн 100 000 сомдой каржы чыгарып, 30га жакын мыйзам бузууларды каттап, акт түзүп, тиешелүү органдарга тапшыруу менен чоң суммадагы айып пулдарды өндүрүүгө себепкер болушту.

Уюмдун мүчөлөрү негизинен карапайым айылдык жарандар. Мүчөлүккө кабыл алуунун да өзгөчө талаптары бар. Арак-шарап ичпеген, өз айылында элге кадыр-баркы бар, ыйман жолундагы адептүү жарандар гана кабыл алынат. Билими, кызматы маанилүү эмес. Жума сайын ар бир айылда жаштар кылып жаткан иштери тууралуу видео-отчет жасап, жамаат ичинде бөлүшүп турушат. Жадагалса, бир туугандары да мыйзамсыз браконьерчиликке барса, аябоого сөз беришкен. Негизги максат: «Кыргызстан — дүйнөдөгү эң сулуу, кооз өлкө» экенин даңазалоо жана табияттын кооздугун көздүн карегиндей сактап, келечек муунга мураска калтыруу, экосистемага өтө кылдат мамиле кылууга элди, туристтерди үндөө.

Уюмдун алдыга койгон чоң максаттары бар экен. Жакынкы күндөрдө ишке ашырылуучу жумуштар:

1. Кыргызстандын жалпы аймагы боюнча экологиялык абалга кайдыгер эмес чыныгы патриотторду уюмга мүчөлүккө тартып, жалпы Кыргызстан боюнча браконьерчиликке, таштандыга, экологиялык бузууларга каршы күрөштү улантуу;

2. Жамааттын мүчөлөрүн керектүү материалдык жана техникалык каражаттар менен камсыз кылуу (фотокапкандар, алыстан тартып алуучу видео-фото камералар, кийүүчү формалар жб.)

3. Ички жана тышкы инвесторлор менен ишенимдүү өнөктөштүк жүргүзүү менен тез арада Кыргызстандын экологиялык имиджин көтөрүп, “жашыл экономика” долбоорун ишке ашыруу.

Ушундай чыныгы элдик демилгелер менен уюмдашып иштеген экологиялык  коомдук бирикмелер Кыргызстанда көбөйүп жатканы – кубанычтуу жышаан.

ОшМУнун доценти, биология илимдеринин кандидаты, экология боюнча эксперт Болот Каримовдун пикиринде, «Эко Тартип» уюмунун жүргүзүп жаткан иштери колдоого алаарлык. Буларды ишин жалпы республика гана эмес, жалпы Фергана өрөөнү, Чүй өрөөнү, Күңгөй Ала-Тоо, Тескей Ала-Тоо аймактарында жайылтуубуз керек. Жапайы табияттагы жаныбарлар адам баласы жашаган аймактан качып, обочолонуп жашаары белгилүү. Мында фотоловушкаларды коюу менен жапайы жаныбарлардын популяциясын, алардын көбөйүп же азайып жатканын, ошондой эле эле алардын жашоосунда кандай жараяндар болуп жатканын мониторинг кылып турууга болот. Бир жагынан фотоловушкалар браконьерлерди биротоло токтотуп койбосо да, аларды сестентип, табиятка каршы жырткычтык аракеттерин ооздуктап турат. Табиятта бардыгы укмуш гармонияда жаратылган. Өсүмдүк болобу, дарак болобу, же жан-жаныбар болобу, бир эле түрдү сактап калуу, көбөйтүү экосистемага жакшы жышаанын тийгизет. Экосистема жакшырса, ага туташ дагы көптөгөн көйгөйлөр чечилет.

Сырттан же мамлекеттен жардам, колдоо күтүп отура бербестен, эл экология көйгөйлөрү менен күрөшүүнү өзү колго алуусу — жакшы жетишкендик. Элдин демилгеси менен коруктарды, адам кирбеген, мал баспаган аймактарды көбөйтүү, анын натыйжасында флора жана фаунаны байытуу — климат өзгөрүүсүнүн алдын алуучу эң зарыл иштер.

 

Даярдагандар: Нургазы Мусаев, Баялы Саркулов

 

Макала «Климаттын өзгөрүшү, ага байланыштуу тобокел факторлор, калкты өзгөрүүлөргө ыңгайлаштыруу боюнча жагдайларды массалык маалымат каражаттарында чагылдыруу аркылуу элге маалымдоо» долбоорунун алкагында даярдалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM