Биз менен байланышыңыз

АКШга виза албай калган кыргызстандыктар кайрадан элчиликке кайрыла алат

Кыска кабар | 10 Мар 2021 | 821 | 0

2020-жылы АКШнын экс-президенти Дональд Трамп миграция боюнча чектөө киргизген болчу. Тыюу салынган өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан да болгон.

Үстүбүздөгү жылдын 20-январында АКШнын жаңы президенти Жо Байден Кыргызстандын жарандары үчүн да токтогон иммиграция жана «Грин-картага» (Diversity Visa) болгон чектөөнү жокко чыгаруу боюнча указга кол койгон.

Эми АКШга буга чейин виза берүүдө баш тартылган жарандар кайрадан карап чыгууга документтерин жиберип, же жаңыдан арыз менен кайрыла алышат. Бул тууралуу 8-мартта АКШнын Мамлекеттик департаменти билдирген.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Нед Прайстын айтымында, 2020-жылдын 20-январына чейин визага тапшырып, бирок ала албай четке кагылгандар каттоо акысын төлөп, кайрадан кайрылышы керек. Ал эми 20-январда жана андан кийин берилбей калган визалардын ээлери эч кандай төлөм жана жаңы каттоо арыздары жок эле элчиликтин чыгарган чечимин кайра карап чыгууну талап кыла алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM