Биз менен байланышыңыз

БШК: 344 миң жаран биометрикалык каттоодон өткөн эмес

Кыска кабар | 6 Мар 2021 | 550 | 0

Кыргызстанда 1 млн 800 миң жарандын 2004-жылдагы үлгүдөгү паспорту бар. Алар жергиликтүү шайлоолордо жана референдумда добуш бере алышпайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, аталган паспорттордо көрсөтүлгөн дарек маалымат бюросундагы учурдагы маалыматка дал келбейт. Мындан тышкары, 7 миң 799 жарандын 2017-жылдагы үлгүдөгү паспорту бар, анда каттоо дареги паспорттунда башка, каттоо маалымат бюросундагыгы көрсөтүлгөн дарек башка.

Жалпысынан, өлкөнүн 344 миң жараны биометрикалык каттоодон өткөн эмес.

Эскерте кетсек, 1-мартта жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышуучу партияларды каттоо үчүн арыздарды жана документтерди кабыл алуу аяктады. Бишкек шаардык кеңешке шайлоого 27 партия катышат.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде 28 шаарда жана 420 айыл аймактарында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM