Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: Тоолуу аймактарда кар көчкү түшөт

Кыска кабар | 3 Мар 2021 | 361 | 0

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин Кыргызгидромет борбору кабарлады.

4-5-мартта күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайы, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 68-101-чакырымдарында, Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун Ийри-Суу тилкесинде, Кара-Көө ашуусунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Мындан улам унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону, колдон келсе, алыс сапарга чыкпай коё турууну Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM