Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы акыркы окуяларды баяндаган саясий-сатиралык чыгарма жарык көрдү

Кыска кабар | 3 Мар 2021 | 1424 | 0

Кыргызстанда акыркы жылдары болгон саясий окуяларды баяндаган саясий-сатиралык чыгарма жарык көрдү.

«Сынган миллион» деп аталган бул китептин автору Орусияда эмгектенген мигрант Самат Уранкай. Анда «Сынган кылыч» тарыхий романындагы каармандардын образы үлгү катары алынып, учурдагы саясатчыларды каймана ат менен атап, болуп жаткан жана болуп өткөн саясий окуяларды кыргыздын илгерки турмушуна салыштырып баяндайт.

Белгилей кетсек, Самат Уранкай социалдык тармакта өткөн жылы кыргыз саясатындагы окуяларды сатира менен жазып, кырнетте көп колдоо тапкан болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM