Биз менен байланышыңыз

Президент мамлекеттик туу күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 3 Мар 2021 | 808 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3- мартта, кыргызстандыктарды Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Төмөндө Мамлекет башчынын куттуктоосу:

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Өлкөбүздүн эгемендиги менен эркиндигин айгинелеп турган Мамлекеттик туубуз улуу кыргыз элинин рухий дөөлөттөрүн, тарыхый басып өткөн жолун чагылдырып турат.

Эзелтеден эле элибиз кызыл туунун астында бир муштумдай биригип, өз алдынча мамлекет, өз алдынча эл болууга умтулуп, намысын бийик кармап келишкен.

Ошентип тарыхта кыргыз мамлекеттүүлүгү түптөлүп, даңазаланышына желбиреген кызыл туубуз айныгыс далил болуп берет.

Бүгүнкү күндө кызыл туубузга мамиле улам тереӊдеп, ага урмат-сый артылып барат. Ар бир кыргызстандык жарандын, айрыкча, жаштардын, Ата Мекенге болгон атуулдук ыйык сезимин, патриоттук духун көтөрүп, Мекенин сүйүүгө түздөн-түз идеологиялык кызмат аткарууда.

Мына бүгүн да ата-бабаларыбыздын салтын улай, өлкөнүн келечеги үчүн бир туунун астында биригип, «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара», албан-албан ийгиликтерди жараталы!

Эрдиктин, тайманбастыктын символу болгон туубуздун кызыл түсү эзели оңбосун, бакубаттуулукту, байыркы кырк уруунун биримдигин чагылдырган Күн нурлары эч качан өчпөсүн, ал эми элибиздин ынтымагынын белгиси болгон түндүгүбүз түшпөсүн.

Улуттун улуу максатын, кечээгиси менен келечегин чагылдырып турган, аталарыбыздын табериги — кызыл туубуз түбөлүк желбиреп турсун!».

Copyright © 2017 Maral FM