Биз менен байланышыңыз

Гендердик өзүн-өзү баалоону окутуу жана өткөрүү үчүн медиа уюмдарга конкурс жарыяланды

Кыска кабар | 2 Мар 2021 | 492 | 0

ММК колдоо борбору Фонду БУУ-Аялдар менен биргеликте 8 ай бою гендердик өзүн-өзү баалоону окутуу жана өткөрүү үчүн медиа уюмдарды кабыл алуу жөнүндө жарыялайт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (КРӨ), Европа Биримдиги (ЕБ) жана Бириккен Улуттар Уюму аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун (АККЗ) бардык түрлөрүнө жана зыяндуу тажрыйбаларга каршы күрөшүүгө багытталган «Спотлайт» аттуу демилгеси көп жылдык программасын баштады. Демилге дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргыз Республикасында АККЗны токтотуу үчүн жер бетиндеги трансформациялык өзгөрүүлөрдү колдоого багытталган. Демилге дүйнө жүзү боюнча эң жогорку деңгээлдеги милдеттенмеге ээ жана аны БУУнун Башкы катчысынын орун басары жана Европа комиссиясынын вице-президенти тарабынан каралат.

Кыргыз Республикасында «Спотлайт» демилгесинин максаты — бардык аялдар менен кыздардын, айрыкча аялуу катмардын зордук-зомбулуктан жана зыяндуу адаттардан, анын ичинде өспүрүмдөр арасындагы нике жана ала качуудан алыс болушун камсыз кылуу. Мында адамдарга билдирүүлөрдү таркаткан массалык маалымат каражаттары чоң ролду ойнойт. Коомдук пикир ММК сунуш кылган, жарыялаган жана чыгарган маалыматтардын негизинде курулат. Темаларды туура чагылдыруу, образдын курулушу жана өзүнө өзү гендердик баа берүү зыяндуу тажрыйбалар, стереотиптер жана зомбулук менен күрөшүүгө жардам берет.

Тандоо шарттары төмөнкүдөй:

Төмөнкү критерийлерге жооп берүүңүз жана анкетаны 10 мартка чейин толтуруңуз.

Кандай медиа уюмдарды катыша алат?

  • Кыргыз тилдүү, орус тилдүү же эки тилдүү басма жана онлайн-медиа;
  • Медиа уюм 2 жылдан бери иш жүргүзүп туруусу зарыл;
  • Гендердик өзүн-өзү баалоо үчүн өз убактыңызды бөлүп үйрөнүүгө даяр болуу;
  • Кыргызстандын бардык аймактарынан келген бардык ылайыктуу медиа уюмдар катыша алышат;
  • Бир уюмдан бир нече адамдын катышуусу маанилүү. Булар журналисттер, редакторлор, директорлор, кадрлар боюнча адистер болушу мүмкүн.

Тандоо критерийлери:

  • Ачыктык, ийкемдүүлүк жана өзгөрүүгө даярдык;
  • Креативдүүлүк — ар кандай кызыктуу идеялар жана чыгармачылык;
  • Активдүүлүк — окууга туруктуу катышуу жана гендердик өзүн-өзү баалоо. Демилгелүү болуу.

Тренингдин жана гендердик өзүн-өзү баалоонун натыйжасында медиа уюмдар чоң тажрыйба жана билимге, БУУ-Аялдар жана ММКны колдоо борборунун сертификатына ээ болушат жана ММКнын ичинен мыктылар кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланат.

Кошумча суроолор боюнча төмөнкү номерге чалыңыз: 0707 112 255 (Whatsapp) — Каныкей Кененсариева.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM