Биз менен байланышыңыз

Алмаз, Чынара: Мыкты журналист болуу үчүн талыкпаган эмгек керек

«Марал» радиосунун «Үзөңгүлөш үч эрке» программасынын коноктору элибизге белгилүү диктор, алып баруучулар Алмаз Касымалиев жана Чынара Капарова журналисттик кесиптин күңгөй-тескейи тууралуу чакан маек куруп беришти.

Журналистиканы аяктагандардын айрымдарына гана экранга чыгуу бактысы буйруйт эмеспи. Телекөрсөтүү тармагына кантип келип калдыңыздар?

Чынара Капарова: Көпчүлүк чыгармачыл адамдар сыяктуу эле экран алдына чыгуу бала кезимдеги кыялым болчу. Кичинемде сыналгыда сүйлөп, ырдап жаткандарды көрүп, алар менен ичине кирип кетким келчү. Андан сырткары үй-бүлөмдүн да таасири чоң. Атам сүрөт тартканга кызыгып, ыр да жазат. Мына ушул себептердин арты менен ушул тармакта иштеп калдым. Кичинекей кезибизде Гүлшан Молдоева, Бактыбек Мамытов өңдүү залкар адамдарды көрүп, биз да ошолордой болууну кыялданчубуз. Азыркы учурда жогорку окуу жайларга сабак берип жатып, «Мен Алмаз Касымалиев, Чынара Капаровадан таасирленип, бул кесипти тандадым. Сиздердей журналист болгубуз келет», — дегендерин көрүп, бир жагы сүйүнсөк, бир жагы чоң жоопкерчиликти сезебиз. Көрүүчүлөр экрандын артынан алып баруучуну көрүп сүйлөгөнүн, кулк- мүнөзүн жактырып, жашоодон көргөндө ирээнжип калбашы керек.

Алмаз Касымалиев: Мен да мектепте окуп жүргөндө журналист болсом деп ойлонуп, 11-классты бүткөн соң, К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетине тапшырдым. Алгачкы жолу 4-курсумда мугалимибиз Байма Сутенованын чакыруусу менен КТРКга барып, радиодо иштеп баштадым. Андан кийин акырындап, 5 мүнөттүк телеберүүгө чыгып жүрдүм. Башында абдан толкунданып, экранга чыгуудан абдан коркчумун. Кийинчерээк, 4 жылдан ашык «Замана» студиясында иштедим. Ошол жер мени көп нерсеге үйрөтүп, журналистика тармагын жакшы тааный алдым десем болот.

Сиздерди көбүнчө олуттуу алып барганыңыздарды көрүп келебиз. Жашоодо да ушундайсыздарбы?

Чынара Капарова: Мен Алмаз жөнүндө айтып берейин (күлүп). Кесиптешим  менен 10 жылдан ашык чогуу иштештик. Коллективде, окуучуларынын арасында сүймөнчүлүккө ээ болгон адам. Эфир адамы эл алдына чыгып жаткандан кийин ошол жердин ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, чыдамдуу болсо, өнүгүү да болот. Алмаз да дал ушундай жол менен өзүн өстүрө алды. Жашоодогу мүнөзү да эфирдегидей токтоо, сабырдуу, чыдамкай.

Алмаз Касымалиев: Чынара жашоодо жайдары, адам менен бат тил табыша алат. Маанайың түшүп турганда, жакшы сүйлөп, көңүлүңдү көтөрүп коюу жөндөмү бар. Көптөгөн кыргыз айымдарына үлгү боло турган сапаттарга ээ. Ишти да, эс алууну да өз орду менен алып кетет.

Чынара Капарова: Биз көбүнчө чоң берүүлөрдү алып барганыбыз үчүн өзүбүздү да олуттуу алып жүргөнгө туура келет. Ошол үчүн көбүнчө той же дагы башка жерден көрүп калгандар: «Биз сизди бой көтөргөн, күлбөгөн аял экен деп ойлочубуз. Көрсө андай эмес экен», — деп көп айтышат.

Эфирде эмоцияңыздарды башкара албай калган учурлар болобу?

Алмаз Касымалиев: Анчалык деле аша чапкан учур болгон эмес. Кээде айрым сөздөрдөн улам күлкүң келген учурлар болот. Бирок, эфирдин эрежеси бар, күлкүңдү тыйып турушуң керек. Анан кайгылуу бир окуяны баяндаган учурда да ыйлабай, үнүң менен гана ошол нерсени элге жеткирип туруу керек.

Чынара Капарова: Мен ушул багытта студенттерге да сабак берем. Журналист кандай учур болбосун, эмоциясын башкара билиши керек. Кайгылуу жаңылык окуп жатып, кармана албай ыйлап жиберсең, ансыз да элге оор болуп турса, эки эсе тиет. Ар кандай оорулуу адамдар көрөт. Мүмкүн аларга да кайсы бир деңгээлде терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Азыркы учурда журналистика багыты боюнча 2-3 айлык курстар бар. Ошол курстарды бүтүрүп, бул кесипти жөндөп кетсе болобу же сөзсүз жогорку окуу жайды бүтүрүү керекпи?

Алмаз Касымалиев: Бир беткей жооп берүү бир аз туура эмес болуп калат. Себеби, ошол курстарды окуп, мыкты журналист болуп кеткендер бар. Ал адамдын жөндөмүнө жараша. Бирок, бул тармакты 3 айда толук үйрөнүүгө болбойт. Иш жүзүндө андан ары да улантып, такшалуусу абзел. Ошондой эле колунда дипломуң болсо эле, «мен журналистмин» деп айтууга да болбойт. Мыкты журналист болуу үчүн талыкпаган эмгек кылып, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуу керек. Биз, Чынара экөөбүз деле канча жылдан бери ушул чөйрөдө жүрсөк да, өзүбүздү мыкты журналистпиз деп айтуудан көп учурда уялабыз.

Ар бир каналдын өз эрежеси бар эмеспи. Жогору жактагыларга баш ийип, көзөмөлдө дайыма болуп турасың. Эч бир жерге көз каранды болбой, өз алдынча Ютуб канал ачып, өзүңүз каалагандай маалымат чыгарам деген ой болду беле?

Алмаз Касымалиев: Бул нерсени буга чейин 2-3 адам айткан. Бирок, көп деле ойлонбоптурмун. Мүмкүн кемчилигим ушул чыгар. Биздин да заманыбыз бүтөт. Экран жаштыкты талап кылат эмеспи. Балким, жашыбыз өткөндө тагдыр бизди өзү эле ошол Ютубга алып барып отургузуп коюшу мүмкүн. Аны убакыт көрсөтөт.

Чынара айым, саясатка да аралашып жүргөнүңүздү билебиз. Келечекте да ушул тармактан көрө алабызбы?

Чынара Капарова: Саясий жаңылыктарды окуп жүрүп, ушул тармак менен таанышып, кызыгып калдым. Ошондой эле азыркы учурдагы саясий абалды байкап отуруп, мен да ушул тармакка аралашып, өз оюмду эркин айтып, өз пайдамды элге тийгизүүгө аракет жасадым. Бирок, тилекке каршы, шайлоо биз ойлогондой өткөн жок. Аны баарыбыз билебиз. Азыркы учурда бийликке билими бары да, жогу да отуруп, көптөгөн туура эмес иштерди жасаганын көрүп жүрөбүз. Мен сапаттуу кадрлардын санын көбөйтүү үчүн ушул тармакка барууга аракет жасайм.

Алмаз мырза, көптөгөн саясий берүүлөрдү алып барып жүрөсүз. Сиз менен өзгөчө мамиле түзгүсү келип же суроолорду алдын ала алуу үчүн белек тартуулагандар болобу?

Алмаз Касымалиев: Ушул жаатка аз болсо да аралашып жүргөнүм үчүн андай учурлар да болот. Бирок, эч кимиси менен өзгөчө мамиле түзүп, дос болгон эмесмин. Эгерде алар менен жакшы ымалада болуп, аралашам десем, журналистика тармагын биротоло жыйыштырып, тандаган тармакка өтүшүм керек болуп калат. Антпесе, мен дос болуп алып, кайра эфирден курч суроолорду узата албай калышым мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM