Биз менен байланышыңыз

Лейлек: Бензин тартыштыгынан кезек пайда болуп, баасы 47 сомго чыкты

Кыска кабар | 1 Мар 2021 | 728 | 1

Лейлек районунун борбору Исфана шаарында май куюучу жайларда бензин тартыштыгы пайда болду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар социалдык тармактарда жазды.

Маалыматка ылайык, Исфана шаарында бир гана «Газпром» май куюучу жайында бензин сатылып жаткандыктан, унаалардын узун кезеги пайда болгон. Ал эми башка май куюучу жайлардын көпчүлүгүндө бензин жок экени айтылууда. Ошондой эле А-95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын баасы кечээ, 28-февралда айрым жерлерде 47 сомго чейин чыккан.

Жергиликтүү тургундар мындай көрүнүштү бааны атайылап көтөрүү максатында да уюштурулуп жатышы мүмкүн деп болжолдошот.

1 пикир

1 пикир

  1. Бакыт

    02.03.2021 22:51

    Эмнеге бензин келбей жатат бир эле газпромдо бар алда кымбат баада себеби эмнеде

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM