Биз менен байланышыңыз

Президент Балбай айылынын окуучусу Бекболот менен жолукту

Кыска кабар | 28 Фев 2021 | 1474 | 0

Интернет айдыңында президенттен жаңы мектеп салып берүүнү өтүнгөн Бекболот Бактыбековду кечээ, 27-февралда президент Садыр Жапаров кабыл алды.

Маалыматта айтылгандай, Бекболот Бактыбековду буга чейин президент кабыл алары айтылган болчу. Бирок обочолонуу режиминен улам, жолугушуу президенттин Москва сапарынан кийинкиге жылдырылган бодчк.

Белгилей кетсек, Түп районунун Балбай айылынын тургуну Бекболот Бактыбеков мектеби көгөрүп кеткендиктен окуу токтоп калганын айтып, президентке кайрылган. Ал өлкө башчыдан өз айылына жаңы мектеп салып берүүнү өтүнгөн. Анын бул кайрылуусу интернетте кызуу талкууланып, Инстаграмдагы баракчасына бир күндө 100 миңдей катталуучу топтолгон. Бекболот учурда 2-класста окуйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM