Биз менен байланышыңыз

Жаздын алгачкы жумасына карата аба ырайы

Кыска кабар | 28 Фев 2021 | 703 | 0

Кыргызгидромет  алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, жаздын алгачкы күндөрү абанын температурасы жылый баштайт.

Бишкекте 1-3-мартта күн ачык болот. Ал эми бейшембиде түнкүсүн кар жаашы күтүлөт, күндүз ачык болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй, Талас облустары

1-2-март күндөрү жана 3-март түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз кээ бир райондордо жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 4-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир жерлерде жаан жаайт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Өлкөнүн түштүк аймагында 1-2-мартта күн ачык болот. Бирок 3-мартта күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Ош облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

4-мартта Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт.

Ысык-Көл облусу

1-3-март күндөрү жаан-чачын болбойт. Ал эми 4-мартта кээ бир райондордо жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт.

Жаздын алгачкы күнүнөн 3-мартка чейин күн ачык болот. 4-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо жамгыр жаап, тоолуу жерлерде кар жаашы ыктымал.

Өлкө боюнча 5-6-мартка карата болжолдуу аба ырайы: 

5-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ал эми эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт.

6-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаап, күндүз ачык болот. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Copyright © 2017 Maral FM