Биз менен байланышыңыз

Жапаровдун Москва сапары жыйынтыкталды (фотобаян)

Кыска кабар , Сүрөт | 26 Фев 2021 | 29770 | 0

Президент Садыр Жапаровдун Россияга болгон биринчи чет элдик иш сапары жыйынтыкталды.

Садыр Жапаров 24-25-февралда Мамлекет башчысы катары Россия Федерациясында биринчи чет элдик иш сапары менен болду.

Президент Садыр Жапаров иш сапарын Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушуудан баштады. Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, өз ара кызыкчылыктагы бардык маселелер боюнча биргелешип аракеттешүүнүн келечегин талкуулашты.

Садыр Жапаров Россия менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди чыңдоону улантууга даяр экендигин билдирди, ошондой эле Владимир Путинди Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Мекендештер менен болгон жолугушууда Садыр Жапаров алардын актуалдуу маселелерин чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, Россиянын билим берүү мекемелеринде окуп жаткан студенттерге мамлекеттик колдоо жана башкалар жөнүндө айтып, мекендештерди кызыктырган суроолорго жооп берди.

Ошол эле күнү Садыр Жапаров менен Татарстандын Президенти Рустам Миннихановдун жолугушуусу болуп, анда кыргыз-татар байланыштарынын келечеги боюнча пикир алмашуу болду.

Президенттин иш сапарынын экинчи күнүнүн күн тартиби да тыгыз болду. Мамлекет башчысы Россиянын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин, Өкмөттүн Төрагасы Михаил Мишустин, Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко, ошондой эле Россиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту.

Президент Садыр Жапаровдун иш сапары Москва шаарындагы Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар коюу менен аяктады.

Мамлекет башчысынын иш сапарынын алкагында эки тараптын тиешелүү министрликтеринин жетекчилери бир катар документтерге кол коюшту.

25-февралдын түнүндө президент Садыр Жапаров Кыргызстанга кайтып келди.

Copyright © 2017 Maral FM