Биз менен байланышыңыз

Тоок баккан ишкерлерди эки маселе түйшөлтөт

Коом | 25 Фев 2021 | 1770 | 0

Бүгүн, 25-февралда «Три Т» асыл тукум фабрикасы «Кыргыз Республикасында жумуртка багытындагы бакма канаттууларды өстүрүү» аталышындагы семинар өткөрдү. Ага эл аралык «Hy-Line International» жана «Techkorm» компаниялары да катышты.

Кыргызстанда үй канаттууларын, айрыкча, канаттуулар чарбасын жем менен камсыздоо жана эмдөөдөн өткөрүп туруу негизги көйгөйлөрдүн бири болуп келет. Соңку кездердеги жумуртканын кымбатташы да ушул таңкыстыктарга байланыштуу. Бул багытта алектенген ишкерлерге жогоруда атаган эл аралык компаниялар үй канаттууларын багуунун жаңы ыкмалары боюнча сабак өтүп, канаттуулар чарбасына колдонула турган технологияларды көрсөттү.

Жаш ишкер Умар Дадабаев бир жыл мурда тоок ферма ачкан. Учурда Ош облусун жана Ош шаарын жумуртка менен камсыздайт. Анын айтымында, Кыргызстанда канаттуулар чарбасына көңүл бурулбай, көйгөйлөрү көз жаздымда калууда.

«Бүгүнкү «Три Т» уюштурган семинар бизге абдан пайдалуу болду. Республикалык жана эл аралык тоок чарбасындагы ишкерлер келип, тажрыйба алмаштык. Кээ бир ишкерлер өздөрүнө өнөктөш табышты. Маалымат жактан да пайдалуу болуп, жем берүү жана эмдөө боюнча үйрөнө алдык. Өкүндүргөн жагдай, Кыргызстанда атайын канаттуулар чарбасы үчүн вакцинация жана жем жок, биз буларды чет жактан алып келип жатабыз».

Бүгүнкү семинардын өткөрүлүшү дал ушул көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Анда канаттуулар үчүн жем даярдоонун жол-жобосу, бул тармактагы жаңы тренддер окутулду. Мындан сырткары эки тараптуу кызматташтыкты жөнгө салуу, ишкерлердин мамилесин бекемдөө, ошондой эле тажрыйба алмашууга шарт түзүү да каралды. Семинар туурасында иш-чараны уюштургандардын бири, «Аталык» агроөнөр жай холдингинин башкы директору Туратбек Үкүбаев буларды айтып берди:

«Бүгүн фермерлер жана жеке ишкерлер үчүн жумуртка багытындагы бакма канаттууларды өстүрүү жана өнүктүрүү боюнча атайын семинар уюштуруп жатабыз, ага эл аралык Американын «Hy-Line International» жана Нидерландынын «Techkorm» компанияларынан келген өкүлдөр да катышты. Фермерлер бул семинардан жаңы технология жана дүйнөлүк тажрыйба боюнча маалыматтарды алышты». 

Кыргызстанда жумуртка өндүргөн 10 ири фабрика жана 200дөн ашуун чакан ишкана бар. Алар өлкөнү жумуртка менен 45% гана камсыз кыла алат, калганы тыштан ташылып келет.

Борбор калаадагы тургундардын азык-түлүккө болгон нааразычылыгы басаңдай электе жумуртканын баасынын өсүшү шаар тургундарын ого бетер түйшөлттү. Декабрь айында эле 10 даанасы 80-90 сомдон сатылып жаткан жумуртка учурда 100-120 сомдон сатылып баштады.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин мал чарба бөлүмүнүн башчысы Рахат Ибраев кымбаттоонун себебин төмөнкүдөй түшүндүрдү:

«Бул кымбаттоонун себеби: тоют маселесинде болууда, жемдин баасы көтөрүлдү. Ага сезондук фактор таасирин тийгизди. Тактап айтканда, кыш айларында жумуртка өндүрүү бир аз басаңдайт. Дагы бир белгилеп кетчү жагдай, доллардын өсүшү, сомдун арзандашы да биздин ишкерлерге таасир берип жатат».

Министрликтин өкүлү көйгөйдү айтканы менен аны чечүүнүн жолдору, бул жаатта министрлик көрүп жаткан аракеттер боюнча сөз кылган жок.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин 2020-жылдагы отчетуна таянып айтсак, өткөн жылы өлкө боюнча 562 миллион даана жумуртка өндүрүлгөн. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 766 миң даанага көп болуп, 100,1 пайызды түзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM