Биз менен байланышыңыз

Марипов: Акимдер жана орун басарлары аттестациядан өтөт

Кыска кабар | 22 Фев 2021 | 1519 | 0

Бардык райондук администрациянын башчылары-акимдер жана орун басарлары аттестациядан өткөрүлөт. Ошондой эле кадрларды ротациялоо принциби ишке киргизилет. Мындай пикирин премьер-министр Улукбек Марипов өз кайрылуусунда билдирди.

Мариповдун айтымында, кадрлардын алмашуусу аймак жетекчилеринин натыйжага жана сапатка иштөөсүнө түрткү берет.

«Аттестациялоо иштери өтө жакынкы күндөрү башталат, таза, ачык-айкын, акыйкат жана бирдей шарттарда өткөрүлөт. Бардык иштер жаап-жашырылбастан элдин көз алдында, коомчулуктун катышуусунда өтөт. Президенттин жарлыгынын алкагында жана менин тапшырмамдын негизинде аттестациялык комиссиянын курамы түзүлүүдө. Ага район жана облустардын мурдагы абройлуу жетекчилери, ар түрдүү аймактан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ардагерлери кирет», — деди Өкмөт башчы.

Ошондой эле ал ротациялоо тажрыйбасы укук коргоо органдарынын ишинде активдүү колдонулуп келгенин, мунун жакшы жагы райондук эле эмес, республикалык масштабдагы адистердин калыптануусун шарттай турганын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM