Биз менен байланышыңыз

Жапаров Орусиядагы иш сапарында мекендештер жана студенттер менен жолугат

Кыска кабар | 20 Фев 2021 | 802 | 0

Президент Садыр Жапаров 24-25-февралда алгачкы чет элдик сапары менен Орусияга барат. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын Орусия менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча тышкы саясатта алган жолу алакаларды мындан ары чыңдоого жана ар тараптуу кеңейтүүгө багытталат.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын бир катар актуалдуу маселелерин, ошондой эле стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү жана өз ара натыйжалуу аракеттенүү жолдорун талкуулашат.

Ошондой эле иш сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысынын Орусия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын Төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылган.

Мындан тышкары, Орусиянын ишкерлер чөйрөсү менен баарлашуусу, мекендештер менен жана ал жакта окуган кыргызстандык студенттер менен жолугушуусу өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM