Биз менен байланышыңыз

Али Токтакунов: Коомду тазарткан иликтөөлөрдү жасайбыз

Коом , Кыска кабар | 19 Фев 2021 | 812 | 0
Иликтөөчү журналист Али Токтакунов коррупциялык көрүнүштөрдү иликтөөгө жана кино өндүрүшүнө салым кошкон фонд ачты.

Бажыдагы жана башка бир топ мекемелердеги коррупцияны иликтеген, мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун байлыгын ачыкка чыгарган журналист Али Токтакуновдун фондунун ачылышы 18-февралда өтүп, ага жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, жарандык активисттер, кино ишмерлери катышты.

Фонддо эки команда бар: бири — коррупциялык көрүнүштөрдү иликтөөгө, экинчиси — кино өндүрүшүнө салым кошот.

Али Токтакунов коомду тазартууда иликтөөчү журналисттердин салымы эбегейсиз экенин айтып, иликтөөчү журналисттер менен да, ири редакциялар менен да кызматташууга даярдыгын билдирди.

— Түрдүү эл аралык уюмдар менен иштешүүгө аракет кылып жатабыз. Коррупцияга тийиштиги бар адамдарга көз каранды болбой, эл арасынан каражат топтоп, чыныгы элдик медиа түйүнү болуу ниетиндебиз. Биздин иликтөөлөрдөн кийин элдин пикири сөзсүз өзгөрөт, тарбияланат деп ишенебиз. «Мен унчукпай калбайын, ырыскымды уурдап жатышкан экен», — дедирип, адамдардын оюн өзгөртөт. Коомчулукту жалпы күрөшкө чакырып, «Ырыскыбызды уурдатпашыбыз керек, өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй жашасак болот экен», — деген ойлорду пайда кылуу ниетибиз бар. 

Чиеленишкен окуяларды чечүүдө, коррупциянын тамырын үзүүдө — журналисттик иликтөөнүн ролу чоң. Бирок иликтөөнүн жыйынтыгы бийлик органдары тарабынан кайра териштирилиши керек.

Ал эми коомчулук журналисттер ачыкка чыгарган фактылардын аныкталышын, уурдалган ырыскысы кайра кайтарылышын талап кылууга милдеттүү.

Журналист Болот Темиров:

— Али Токтакуновдун медиа борборунун ачылышы биринчи эле кадам, биз мындан ары чоң-чоң иштерди жасайбыз. Өзүбүз өнүгүп, журналистиканын деңгээлин көтөрүп, бети калыңдык менен уурдагандарды уялткыдай иликтөөлөрдү жасашыбыз керек, — деди.

Кыргызстанда кайсы бир маселе чуулгандуу абалга жеткенде гана чечилип калганы жашыруун эмес. Коррупцияга каршы күрөштөн чеке жылыткан жыйынтык чыкпай жатат. Мындай шартта иликтөөчү журналисттер жеке демилге менен медиа түйүн түзүп, иликтөөлөрдү жүргүзгөнү чоң мааниге ээ экенин эксперттер айтышат.

Жарандык активист, коомдук ишмер Руслан Акматбектин пикиринде, кыңыр иштерди аныктоо — элдин салыгынын эсебинен жашаган укук коргоо органдарынын милдети. Ал эми бийлик аны ачыктаган журналисттер менен эмес, көйгөй менен күрөшүүсү керек.

— Али Токтакуновдун жарандык демилге менен ушундай фонд ачканы абдан маанилүү, себеби, биздин өлкөдө бир маселе коомго ачык чыкканда гана чечилип калды. Мурда чоң иликтөөлөрдү маалыматтык агенттиктер, редакциялар жасайт деп көнүп калганбыз. Бирок азыр Алиге окшогон мекендештер коомдун өнүгүүсүнө, жаңылануусуна салым кошуп жатышат. Негизи резонанстуу иликтөөлөрдү биз салык төлөгөн коомдук телеканалдар жасашы керек эле. Биз журналисттердин иликтөөлөрүн кино көргөндөй көрүп, баш чайкап, ашканада эле сүйлөшүп отуруп калбай, мындай демилгелерди колдошубуз керек. 

Президент Садыр Жапаров бир ай мурун укук коргоо органдарына кайрылып, бир тууганы болсо да, мыйзамсыз иштерди кылгандарды камоону талап кылган. Ошондой эле кыңыр иштердин бетин ачкан журналисттерди колдоо керектигин билдирген.

Ошол эле учурда элдин нанын уурдаган коррупционерлер жыйнаган мүлкүнүн бир бөлүгүн чачып, элге кайрымдуулук жасамыш этип, же журналисттерди, бийлик өкүлдөрүн сатып алуу амалын көрүшөт. Мындайда иликтөөчү журналист эмнеге даяр болушу керек?

Иликтөөчү журналист чабуулдарга даяр болушу керек. Уурдап алган акчасын ыйык көргөн коррупционер андан ажырап калбашы үчүн болгон айла-амалын жасайт. Оозуңду жабууга аракет кылат, туугандарың аркылуу басым жасаганга аракет кылат, чоң өлчөмдө акча сунушташы мүмкүн, иликтөөчү журналист ага азгырылбаганга даяр болушу керек», — дейт Али Токтакунов.

Иликтөөчү журналисттерди жана кыргыз тасмаларын жайылтууга көмөкчү болууну каалаган жарандар Али Токтакуновдун фондуна салым кошо алышат.

Copyright © 2017 Maral FM