Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 18-февралда Германиядан Бишкекке учуп келери менен Баткенге сапар тартты. Анын Баткендеги эл менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн угуп жаткан видеолору Фейсбук колдонуучулары тарабынан бөлүшүлүүдө.
Буга чейин, 12-февралда Камчыбек Ташиев Германиянын борбору Берлин шаарындагы бейтапкананын биринде жүрөгүнөн операция болгон. Анын операциядан кийинки абалы жакшы экендиги айтылган.
Камчыбек Ташиев 2020-жылдын октябрь айынан бери УКМКнын төрагасынын кызматын аркалайт.