Биз менен байланышыңыз

Кытай Би-Би-Си жаңылыктарын өз аймагында көрсөтүүгө тыюу салат

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Фев 2021 | 750 | 0

Кытайдын Улуттук радио жана Телекөрсөтүү башкармасы (NRTA) Би-Би-Си Дүйнөлүк жаңылыктарын өлкөдө көрсөтүүсүнө тыюу салды.

NRTA өз билдирүүсүндө, канал КЭРде телерадиоберүү эрежелерин одоно бузган. Телеканалдын отчеттору, өлкө бийлигинин көз карашы боюнча, чындыктын жана объективдүүлүктүн принциптерине жооп берген эмес жана Кытайдын улуттук кызыкчылыктарын жана этникалык тилектештигин бузган.

Ошондой эле, жетекчилик телеканалдын келерки жылы көрсөтүүгө берген арызын кабыл албай тургандыгын маалымдалды.

Ал эми Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб Би-Би-Си жаңылыктарынын Кытайда көрсөтүлүшүнө тыюу салуу чечимин «медиа эркиндигине жол берилгис бузуу» деп атады.

BBC World News эл аралык 24/24 жаңылыктар каналы, дүйнөнүн 200дөн ашуун өлкөсүндө бар.

Махбуба Сайпилаева

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM