Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан Германияга болгон аба каттамдарын жандантты

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Фев 2021 | 455 | 0

Өзбекстан Германия менен аба каттамына чектөө киргизүү чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.

Өзбекстан менен Германиянын ортосундагы бардык аба каттамдар, ошондой эле транзиттик каттамдар кайрадан жанданат.

Өзбекстан Улуу Британия, Италия, Дания, Австрия, Австралия, Нидерланды, Түштүк Африка Республикасы жана Германия менен болгон эл аралык каттамдарга (кирүү-чыгуу жана транзит) 2020-жылдын 21-декабрында жаңы COVID-19 штаммына байланыштуу чектөө киргизген.

Тыюу салуу 10-январга чейин күчүндө болуп, андан кийин 1-февралдан 1-мартка чейин узартылган.

Махбуба Сайпилаева

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM