Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери кармалды

Кыска кабар | 12 Фев 2021 | 496 | 0

2021-жылдын 10-февралында УКМК кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Сокулук филиалынын директору Т.А.К. жана көрсөтүлгөн мекеменин жетектөөчү адиси М.Р.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, директор Т.А.К., жетектөөчү адис М.Р.А. менен жең ичинен сүйлөшүп алышып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, кызматтын кызыкчылыгына каршы келген, жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуп, Жабык акционердик коомдун директорлорунун бирине жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө Мамлекеттик актыны мыйзамсыз даярдашканы аныкталды.

Жогоруда аталган адамдардын атайылап жасаган кылмыш иш-аракеттеринин натыйжасында, мамлекетке 2,2 миллион сомдон ашык суммага зыян келтирилген.

Ошондой эле УКМК М.Р.А. жана Т.А.К. карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануунун башка фактылары боюнча 11 кылмыш иши тергелип жатат.

Кармалган Т.А.К. жана М.Р.А. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тиешелүү тергөө-оперативдик иш-чаралары улантылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM