Биз менен байланышыңыз

Президенттин алгачкы чет элдик сапарынан күтүүлөр

Саясат | 9 Фев 2021 | 1368 | 0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Орусияга жасай турган расмий сапарына алдын ала даярдыктар башталды. Визит 23-февралга белгиленгени маалым болду. Президенттин аппараты азырынча расмий билдирүү жасай элек.

Президент Садыр Жапаров алгач Казакстанга барууга убада берип, кайра оюнан кайтканы белгилүү. Көпчүлүк эксперттер бул кадамды туура болду деп баалашат. Себеби Орусия — Кыргызстандын негизги өнөктөшү. Орусиянын эл аралык аренада орду, аракети кандай болсо, Кыргызстандыкы да ошол нукка бурулат.

Ошол эле учурда, демократиялык баалуулуктар орногон мамлекеттер менен да байланышты күчөтүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин эл аралык мамилелер боюнча эксперт Руслан Жалилов айтты.

— Кыргызстандын Конституциясында өлкө светтик жана демократиялык деп белгиленет. Ошондуктан биз демократиялык баалуулуктар бекем орногон мамлекеттерге жакындашыбыз керек. Бул — албетте, Европа мамлекеттери жана АКШ. Демократиясыз саясий, экономикалык туруктуулукту орното албайбыз. Батыш мамлекеттери менен байланышты күчөтүүнү Орусия менен болгон алакага карама-каршы келбегендей жасаса болот, буга мүмкүнчүлүк бар. Европа мамлекеттери да мындай саясатты колдойт. Менимче, жаңы шайланган президенттин тышкы саясаты эки багытта болушу керек. Биринчиси, Орусия менен стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө, экинчиси, демократия кулач жайган мамлекеттер менен да мамилени күчөтүү.  

Демократия боюнча дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан бир жыл мурдагы көрсөткүчтөн алты тепкич артка кеткени белгиленди. Мунун себеби былтыр октябрда болгон окуялар, парламенттик шайлоодогу мыйзам бузуулар болду. Индексте көрсөтүлгөндөй, Кыргызстандын демократияга болгон умтулуусу да азайып баратат.

Кыргызстандын демократиялык деңгээли 6 тепкич артка кетти

Анткен менен бул жолку президент да салтты бузбай, алгач Москвага бара турган болду. Кыргыз тарап экономика, айыл чарба, соода, энергетика, жер казынасын пайдалануу, өнөр жай, кооперация тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкчылыгын билдирүүдө.

Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай Орусиянын да Кыргызстанга кызыкчылыгы бар экенин айтып, аны төмөнкүчө түшүндүрдү:

— Кыргызстан Казакстанга эмес, алгач Орусияга бара турганы туура болду. Себеби, адегенде регионалдык мамлекет менен сүйлөшүп алып, анан башка өлкөлөргө чыгуу ыңгайлуу болот. Анын үстүнө, Орусия Борбор Азиядагы айрым мамлекеттер, анын ичинде Кыргызстан менен байланыш курууга өзү да кызыкдар. Себеби биздин жаныбызда чоң Кытай турат, Түркия бар. Геосаясатта бул маанилүү экенин Орусия да түшүнөт. Орусияга эң ыңгайлуу өлкө — Кыргызстан. Себеби тилин да билебиз, биздин эмгек мигранттарыбыздын басымдуу бөлүгү да ушул өлкөдө. Ошондуктан стратегиялык өнөктөштүктү дагы бекемдөө керек.

Орусия Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү болгону талашсыз, бирок азыркы президент Садыр Жапаровдун чет элдик кесиптештери менен тааныштыгы аз.

Эл аралык дипломатияда, айрыкча Советтер Союзундагы мамлекеттерде тышкы саясатта өлкө лидерлеринин жеке мамилеси чоң роль ойнойт. Себеби жабык эшик артында сүйлөшүү жүрөт, бири-бирине болгон ишеним ошол учурда пайда болот.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт, дипломат Аскар Бешимов тышкы мамиледе лидерлердин жеке байланышы өтө маанилүү деп эсептейт. Ошондуктан биринчи расмий сапарда лидерлердин ортосундагы ишенимдин пайда болушу көп нерсеге жол ачат.

— Биринчи сапар абдан маанилүү. Себеби жаңы бийлик биринчи кадамын баштап жатат. Ушул сапарда кандай сөз болот, ошого жараша Жапаров тууралуу ой-пикир калыптанат. Эл аралык мамиледе алгачкы визиттерде өлкө лидерлеринин жеке байланышы түзүлгөнү — өтө маанилүү. Биздин президентти тышкы мамлекеттердин башчылары анча тааныбайт, Жапаров да алар менен жеке тааныш эмес. Бирок азыр алгачкы кадамдарды жасап жатканда көп мүмкүнчүлүк бар. Мисалы, жолугушууда «Өзүңүздүн оюңузду айтыңыз. Мындан аркы кадамдарыңыз кандай болот? Сизден эмнени күтсө болот?» — деген сыяктуу сөздөр болот. Башкача айтканда, президенттер бири-бирин алгач байкайт, кийинки алака ошого жараша уланат.

Дипломатияда ар кандай тактика колдонулат. Эң жөнөкөйүн айтсам, «сыртынан жумшак, ичинде катуу» дегени бар. Же «дароо таанышканда эле катуу мүнөз, бирок сүйлөшө келгенде жумшарат» деген да ыкма бар. Бул эми психология, баарына түшүнүктүү. Жапаров менен Путин да таанышып жатышат, андан кийинки кызматташуу — экинчи маселе.

Кыргызстан менен Орусиянын күн тартибиндеги маселелери арбын. Бирок Бешимов кошумчалагандай, акыркы 6 жылда эки эле маселеге көңүл бурулуп калды. Ал — жардам берүү жана мигранттар маселеси. Эми президенттин алмашуусу менен күн тартипти кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп турат.

Президент Садыр Жапаров кызматына расмий киришип жатканда, Кыргызстан тышкы саясатта көп векторлуу багытынан кайтпай турганын айткан:

Жапаров: Кыргызстандын тышкы саясаты көп векторлуу багытынан кайтпайт

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев алгачкы визитин Түркиядан баштаган, андан кийинки президенттер Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбековдор биринчи иш сапары менен Орусияга барган.

Copyright © 2017 Maral FM