Биз менен байланышыңыз

Кытайда окууга магистрдик стипендиялар сунушталат. Шарттары

Кыска кабар | 7 Фев 2021 | 842 | 0

Кытайдын университеттик спорт федерациясы (FUSC) Кытайда 2021-2022-окуу жылына магистрдик стипендия алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Бул мүмкүнчүлүктү кыргызстандыктар да пайдалана аларын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Онлайн өтүнмө жана ага байланыштуу документтер www.campuschina.org  сайтында тапшырылышы керек.

Талаптар:

  • Кытай жараны эмес;
  • Ден-соолукка байланыштуу көйгөйлөрү жок;
  • Бакалавр даражасына ээ болуу жана 35 жашка чыга элек болушу керек (магистратурага тапшыргандар үчүн);
  • Магистр даражасына ээ болуу жана 40 жашка чыга элек болушу керек (докторантурага тапшыргандар үчүн).

Талап кылынган документтер:

  • Кытайдын өкмөтү тарабынан бөлүнүп жаткан стипендияга ээ болушу үчүн өтүнмө (Кытай же англис тилинде);
  • Загранпаспорттун көчүрмөсү (2022-жылдын 1-мартынан кечиктирбестен жарактуу болушу шарт);
  • Жогорку билим жөнүндө диплом;
  • Академиялык транскрипт (кытай же англис тилинде);
  • Кытай же англис тилдериндеги изилдөө планы, магистранттар үчүн — 500 сөздөн кем эмес, докторанттар үчүн — 800 сөздөн кем эмес.
  • Окуп жаткан жеринен же иштеген жеринен эки сунуш кат (англис же кытай тилинде);
  • Музыкалык билим алууга тапшыра турган талапкерлерге өз эмгектерин тапшыруу сунушталат; Көркөм сүрөт искусствосу программасына тапшыра турган талапкерлер өзүлөрүнүн эки эскизин, эки түстүү сүрөтүн жана дагы эки эмгегин камтыган өз иштерин тапшырышы керек;
  • Кытайга окууга тапшыргандар үчүн медициналык маалымкат;
  • Улуттук университеттин спорт федерациясынын сунуш каты.

Эгер бар болсо төмөнкү документтерди тапшыруу сунушталат:

  • Кытай өкмөтүнүн стипендиялык программасынын алкагында университетке кабыл алуу жөнүндө алдын ала кат;
  • HSK, TOEFL же IELTS сертификаттары. Кытай тилинде окуй турган талапкерлер HSK 4 сертификатын тапшырышы керек.

Талапкерлер онлайн анткетаны толтургандан кийин, 2021-жылдын 17-февралына чейин, Кыргыз Республикасынын университетинин спорт федерациясынын атынан FUSC кеңсесине Ли Юань айымга liy@fusc.org.cn дарегине бир сунуш кат жөнөтүш керек.

Талапкерлердин өтүнүмүнө байланыштуу бардык суроолор боюнча жогоруда көрсөтүлгөн электрондук почта дарегин колдонуп FUSC менен байланышса болот.

Тиркемеде толук маалыматты, өтүнмө берүү боюнча көрсөтмөлөр, ошондой эле КЭРге бара жаткандар үчүн медициналык маалымкаттын формасы жөнөтүлөт.

Тиркеме:Магистерские стипендии в Китае-5-12.pdf

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM