Соңку бир сутка ичинде Орусиянын аймагында дагы 16 688 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн ыкчам штабы билдирди.
Пандемия башталгандан бери Орусияда жалпы 3 934 606 адам коронавирус менен катталган.
Акыркы сутканын ичинде Орусиянын аймагындагы ооруканалардан коронавирустан дарыланып жаткан 527 бейтап көз жумду. Алардын ичинен 71 адам Москва шаарында, 38 адам Санкт-Петербургда дарыланган.
Муну менен Орусияда жалпы 75 732 адам коронавирустун кесепетинен каза тапты.