Биз менен байланышыңыз

Икрамов: Төрт-Гүлдөгү жагдай боюнча депутаттык комиссия түзүү керек

Кыска кабар | 4 Фев 2021 | 819 | 0

Жогорку Кеңештин 4-февралдагы жыйынында депутат Тазабек Икрамов «Баткен облусундагы Төрт-Гүл суу сактагычындагы канал Тажикстан тарапка өтүп кетти» деген маалыматты тез арада териштирип чыгууга чакырды.

3-февралда премьер-министр Улукбек Марипов Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн программасы тууралуу айтып жатып, «Суу сактагычка куйган каналдын баш жагын алдырыптырбыз», — деп айткан.

Депутат Тазабек Икрамов бул жагдай боюнча Тышкы иштер министрлигинин расмий маалыматын угууга чакырды. Эгер каналдын башка жактарга берилип кеткени чын болсо, анда депутаттык комиссия түзүүү керектигин белгиледи.

«Бул аймак стратегиялык чоң мааниге ээ. Эгер Мариповдун сөзүнө ишене турган болсок, анда иш чатак. Андыктан, тиешелүү комитетке тапшырма берилип, Тышкы иштер министрлигинин маалыматын жабык угалы. Эгер жагдай Марипов айткандай болсо, депутаттык комиссия түзүшүбүз керек. Жакында жазгы талаа иштери башталат. Ошондуктан тез арада күн тартибине киргизип коюуңарды суранам», — деди Икрамов.

Марипов: Төрт-Гүл суу сактагычына куйган каналдын баш жагын алдырыптырбыз

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM