Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирустан үч бейтап каза тапты. Бул оорудан март айынан бери 1418 адам көз жумду.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 70 жаңы учуру катталды. Вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 84 миң 832ге жетти.
4-февралга карата COVID-19 илдетинен 102 бейтап сакайды. Айыккандардын жалпы саны 81 миң 334тү түзүүдө.
Акрыкы суткада бир медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган, 2 кызматкер айыкты. Коронавирус жалпы 4180 медикке жукту, анын 4097си сакайды.