4-февралдан 5-февралга чейин абанын температурасы жогорулайт. Буга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-76, 86-91 жана 100-115-чакырымдарында кар көчкү түшүшү мүмкүн.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.